Алтыбаева: Депутаттар июлда дагы ишин улантат

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы июль айында кезексиз сессияга чогулуп, керектүү мыйзамдарды кабыл алганы жатат. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусуна катышып жатып билдирди.

«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамда июль айы депутаттар үчүн шайлооучулар менен иштөө мөөнөтү деп белгиленет. Бирок июль айында кезексиз сессия чакырып, зарыл мыйзамдарды караганга мүмкүнчүлүк бар».

Жогорку Кеңештин депутаттары июнь айынын аягында жайкы эс алууга кетет. Депутаттар күздө өтүүчү парламенттик шайлоонун эрежесин аныктаган, Министрлер кабинети жөнүндө мыйзамдарды кабыл алышы керектиги айтылган. Июндун аягына чейин депутаттар мыйзамды кабыл алууга үлгүрбөй турганы белгилүү болду.

Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/31322645.html
Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2021 жылдын айтуулары: 1
   2021 кулжа: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!