Депутат Аксы районуна аялды аким шайлоону сунуштады

«Республика – Ата-Журт» фракциясынан депутат Махабат Мавлянова Аксы районунун акими катары аял кишини тандоону сунуштады. Мындай демилгасин ал бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мавлянова аялдарды шайлоо алдында гана саясатка тартпастан, аларды кызматтарга дайындоо зарылдыгын да эскертип кетти.

“31 мэрдин арасында, 40 райондун башчыларынын арасында бир да аял жок, ал эми кээ бир структуралардагы жетекчи курамды айтпай эле коеюн”,-деп баса белгиледи депутат.

Мавлянова өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Аксы районунун акимин шайлоодо чоң талаш-тартыш жаралып жатканын эскерткен болчу.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 жалган куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!