Депутат Бакиров: Авторитардык бийлик тууралуу кооптонгон пикирлерге кошулбайм

Конституциянын жаңы долбоору боюнча парламенттин ыйгарым укуктары сакталат жана өлкөдөгү чарбалык иштерден баштап социалдык-экономикалык маселелер боюнча жоопкерчилик президентте болот. Бул тууралуу 18-ноябрда «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров билдирди.

Ал Баш мыйзамдын жаңы долбоору Кыргызстанды авторитардык өлкөгө айлантары тууралуу кооптонгон ойлорго толук кошула албай турганын айтууда:

«Андай пикирлер бар. Бирок мен аларга толук кошула албайм. Себеби парламенттин да өзүнүн ыйгарым укуктары сакталган. Президент сунуш кылган өкмөттүн курамы, Эсеп палатасы, сот, Улуттук банк, башкы прокурор боюнча парламенттин ыйгарым укуктары сакталган. Албетте, президенттин укуктары азыркы Конституцияга салыштырганда кеңейтилген. Буга эмне себеп? Себеби он жыл аралыгында парламенттик-президенттик башкаруу системасында жашадык, коалициядан өкмөттөр түзүлүп, урап жатты. Канча деген өкмөт башчы алмашты. А жоопкерчиликти алган бир да коалиция, фракция же бир тарап болгон жок. Бул жерде жоопкерчиликти чарбадан баштап экономикалык жана социалдык саясат, эл аралык мамиле, чек ара жана башканын баарын президент алуу мүмкүнчүлүгү да, милдети да жүктөлүп жатат».

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда көрсөтүлгөндөй, Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Укук коргоочулар жана айрым саясатчылар эгер бул долбоор кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.

Долбоорду ким жазганы азырынча расмий айтыла элек жана авторлор өз пикирин билдире элек.

 

 

Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/30956247.html
Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2020 жылдын айтуулары: 1
   2020 жетинин айы: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!