Депутат: «Фракциянын лидери алмашаарын ММКалардан окудум»

Кээ бир Жалпыга маалымдоо каражаттарында «Республика—Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери алмашканы тууралуу маалымат тарады. Болжолдуу маалыматтар боюнча, депутат Мирлан Жээнчороев фракцияга лидер болушу мүмкүн.

Ал эми Жээнчороев өзү лидерди алмаштыруу маселеси көтөрүлбөгөнүн айтып: «Фракциянын лидери алмашылат деген маалыматты ММКалардан окуп жатам. Регламент боюнча 28 депутаттын баарында аталган кызматка талапкер болуу укугу бар. Өткөндө ротация аркылуу алмашуу болгон. Бүгүн фракциянын отуруму өткөн жок. Күн тартибинде да мындай маселе каралган эмес», — деп билдирди.

 

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 аяк оона: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!