Депутат Искандер Гаипкулов: «Баткенде бүтпөй турган мектепти көзөмөлгө алгыла»

28-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Искандер Гаипкулов курулушу башталып, бирок бүтпөй турган мектептер боюнча маселе көтөрдү.

Ал Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Сай айылынын жашоочуларынан кайрылуу келип түшкөнүн билдирди. Анда Дүйшө Акматов атындагы орто мектеби 2014-жылы жараксыз деп табылып, ошол эле жылы жаңы мектеп курулуп башталып, курулуштун  50 % бүтүп, чатыры жабылган боюнча иш токтоп калганын белгиледи.

“4 жылдан бери эски мектепте 400дөн ашуун окуучу 3 нөөмөт менен, таңкы саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин окуп келишет. 10 чакырым алыстыктан келип окуган балдар бар, аларга кеч тараганда кыйналып жатпайбы. Сай айылындагы мектептин курулушун аягына чыгарууну көзөмөлгө алгыла”,-деди Искандер Гаипкулов Өкмөт өкүлүнө кайрылып.

Ошондой эле Ош облусунун Араван районундагы Навои орто мектебине жана Ош шаарындагы С.Киров атындагы мектеп-гимназиясына кошумча имарат куруу сунушу качан аткарыларын сурады.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 бирдин айы: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!