Депутат Момбеков парламенттик шайлоого ондон ашуун партия катышарын болжоду

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков АйТВ каналындагы маегинде күздөгү парламенттик шайлоого ондон ашык партия катышарын, алардын алтоо-жетөө гана 7% босогону басып өтөрүн болжоду. Депутаттын пикиринде, көпчүлүк партиялардын күрөөгө кое турган беш миллион сому да, электораты да жок, болгону саясий соодалашуу максатын көздөп, БШКга кайрылып жатышат.

«Азыр мурдагыдай лидер, фаворит жок, — деди ал. — Бардыгы бирдей. Эгер бүгүн бийлик күчтүү болсо, бийликтин партиясы күчтүү болмок. Бийликтин күчү жок болгону үчүн анын партияларынын да күчү жок».

Оппозициядагы депутат бийликтин кайсы партиялары шайлоого баратканын тактаган жок.

БШКнын маалыматына караганда алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирген. Алардын катарында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында мандатка ээ болгон алты саясий партиянын үчөө — «Кыргызстан», «Бир Бол», «Ата Мекен» бар. Ал эми эң көп добуш алып, бийлик партиясы атыккан КСДП арсар абалда. «Республика — Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиялары шайлоого катышуу ниетин билдирген жок.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/30753071.html
Жалпы айтуулары: 46 дөн 3

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 жалган куран: 1

2020 жылдын айтуулары: 1
   2020 теке: 1

2021 жылдын айтуулары: 1
   2021 теке: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!