Депутат Нышанов: Төрага Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтолуп жатат

Жогорку Кеңеште төрага Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүлүп, кол топтолуп жатат. Бул тууралуу 28-октябрда «Азаттыкка» депутат Сайдулла Нышанов билдирди. Анын айтымында, маселе парламенттин эртеңки (29-октябрдагы) жыйынына чыгышы ыктымал:

«Мага келип, кол коюуну суранышты, мен макул болгон жокмун. Угушума караганда 80ге жакындап калыптыр. Демилге фракциядан же көпчүлүк коалициядан болсо, ачык чыкмак. Бул депутаттардын эле демилгеси болсо керек. Коомдо парламентке ишенбестик, нааразылык көбөйдү. Коомдо «Эмне үчүн төрага президенттин милдетин аткаруу укугун жеке менчигиндей кылып өткөрүп берип койду? Эгер Садыр Нуркожоевич (Жапаров-ред.) шайлоого чыкса кимге беребиз?» деген чоң суроолор болууда».

Нышанов төрагалыкка талапкер катары депутат Талант Мамытовдун аты аталып жатканын кошумчалады.

Депутат Талант Мамытов мындай божомолду ырастаган да, төгүндөгөн да жок, бул маселени «көпчүлүк чечерин» белгиледи.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар бийликтин алмашуусуна алып келген. Президенттиктен кеткен Сооронбай Жээнбековдун ордуна мамлекет башчылыкты, Конституция боюнча, парламент төрагасы алышы керек болчу. Спикер болуп шайланган Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тартып койгон. Азыр президенттин милдетин өкмөт башчы Садыр Жапаров аткарууда.

 

Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/30916698.html
Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2020 жылдын айтуулары: 1
   2020 тогуздун айы: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!