Депутат Руслан Казакбаев спикерден Казакстанга расмий иш сапары менен баруусун талап кылды

Кечээ депутат Рыскелди Момбеков (КСДП) кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды парламенттин жыйынында карап чыгуу сунушун киргизген, бирок аталган сунуш добуш берүүгө коюлган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде парламенттин жыйынында депктат Руслан Казакбаев (Респубдика-Ата-Журт) сүйлөдү.

“Чек арада эмне болуп жатканын караган жыйынга керек болсо вице-премьер министирди чакырып коёлу. Кечээ казак каналдарды кыргыз депутаттын соту тууралуу, бажы маселеси тууралуу, контрабандалык товарлар Кытайдан Кыргызстан аркылуу келип жаткандыгы тууралуу көрсөтүштү. Урматтуу Дастан Арипбекович сиз чечимдүү кадамдарга барып мындай учурларда депутаттарды алып расмий иш сапарларына чыгыңыз. Элдик дипломатия деген болот. Башка өлкөлөрдүн маалыматтык сайттарына биздин өлкө тууралуу эмне деп жатканын окуп, карап көрбөйлүбү?”, -деди депутат.

Казакбаевдин бул сунушун кесиптеши Аалы Карашев да (КСДП) колдоого алды.

Ал эми Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков өз учурунда бажы кызматынын жетекчиси жана эки адам Астанага учуп кеткендиги, ал эми премьер министр Казакстандын премьер министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы тууралуу билдирип, аталган суроону парламенттик уктурууда добуш берүүгө коёорун кошумчалады.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 чын куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!