Депутат Рыскелди Момбековдун иши парламентте каралды

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынн депутат Рыскелди Мамбековго карата  жасалган аракеттерге кайдыгер карабашыбыз керек. Мындай пикирин бүгүн, 12-мартта парламенттик комитеттин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

“Бишкек шаарынын тегерегинде 5 миңге жакын адамдар үй салып жашап жатышат. Алардын үйлөрү убагында мыйзамдаштырылбай калган. Бирок тургундардын үйлөрү мыйзамдашпай калганына алар эмес, мамлекеттик органдар күнөөлүү. 2005-2006-жылдарда, кийин 2008-2010-жылдарда мамлекеттик органдар тарабынан кайдыгерликтин айынан алар үйлөрүн салып, бирок ушул убакка чейин документ алышкан эмес. Сот органдары үйлөр түрттүрүлсүн деген чечим чыгарып койгон. Азыр өкмөт да, мэрияда 5 миң кишинин үйүн түрттүрүп кое албайт. Депутат Рыскелди Момбеков болгону ошол сөздү айтты.

“Соттор туура эмес чечим чыгарган, алар силердин үйүңөрдү түрттүрө албайт, керек болсо эл аларды түртүп коюшу мүмкүн” деди.

Эми ушул сөздү айттың деп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине арыз жазып Момбековго чара көргүлө деп жатышат.Аны башка бир коомдук активист жазса туура эле көрүнүш болмок. Бирок адамдын укугун коргой турган Жогорку соттун төрайымы жазып жатат. Бул Түндүк Кореяда өнөкөт болсо кадыресе көрүнүш болот эле. Бирок мындай аракет менен демократиялык баалуулуктар, парламент өз оюн айта алат, депутат аткаруу бийлигин сындай алат деген догманы жокко чыгарып жатабыз. Эгерде биз буга кайдыгерлик кылып койсок Момбековго жасалган аракет аркылуу жалпы парламентаризмге, жалпы сөз эркиндигине шек келет”,-деди Алмамбет Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков 5-мартта УКМКга чакырылып, комитет төргасы Идирис Кадыркулов менен жолугушкан. Депутат жаңы конуштардын биринде  эл менен жолугушкан кезде жерди мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүп, сот ишин сынга алган болчу.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 3

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 жалган куран: 1

2020 жылдын айтуулары: 1
   2020 теке: 1

2021 жылдын айтуулары: 1
   2021 теке: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!