Депутат Токторов: Кабыл алынып жаткан мыйзамдын иштеп кетишинде өкмөттүн жоопкерчилиги жогору

Кабыл алынып жаткан мыйзамдын иштеп кетишинде өкмөттүн жоопкерчилиги жогору. Бул тууралуу Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов «Парламент» радиосунун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн 2018-жыл үчүн отчету Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин кароосунан өтүп жатат. Социалдык багыттагы аткаруу бийлигинин жүзөгө ашырган иштери Социалдык саясат боюнча комитеттин кароосунан өтүп, жактырууга ээ болгон. Жалпысынан колдоого татыган менен, отчеттун кемчилик жактары да белгиленип, депутаттардын сынына кабылган.

Эл өкүлүнүн пикиринде, ар бир кабыл алынып жаткан мыйзамдын иштеп кетишинде өкмөттүн жоопкерчилиги жогору. Ошондуктан, мыйзамды жөн эле жазылган кагаз катары эмес, аны таасири, духу күчтүү документ катары таануу керек.

«Эл арасында өкмөт ишине «22 деп баа бергендер угула калып жатат. Бирок, ар бир аткарылган иштин артынган жоопкерчилиги бар экендигин унутпашыбыз керек. Ошондуктан, мээнетти баалоодо маңыроо караган жарабайт. Таразанын калыс өлчөнгөнү жакшы», — дейт Токторов.

Ошондой эле ал, — титулдук тизмеге кирген курулуш объектилери өң таанышка карабай, калыстык менен тандалышы керектигин да кошумчалады.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 чын куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!