Исхак Масалиев: Ар бир шайлоочу бир партияга жана бир адамга добуш бериши керек

Шайлоочу бир партияга жана бир адамга добуш бериши керек. Шайлоо мыйзамына киргизүү үчүн сунушталып жаткан мындай өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоорун талкууга алып чыгышты. Авторлору мен жана Жанар Акаев. Эки сөз менен айтканда, өзгөртүүнүн мааниси — шайлоочу бир партияга жана бул партиядагы бир талапкерге гана добуш бере алат. Анын жыйынтыгында реалдуу көрсөткүчтөргө ээ болобуз, анын негизинде тизме да өзгөрөт. Максаты-парламенттин депутаты шайлоочулардын зарыл болгон колун топтой алган адам болушу керек жана реалдуу саясий элитаны калыптандырышы кажет.Бул мыйзамды ЖКнын сайтынан карап өз сунушуңуздарды бериңиздер. Келгиле иштейли”,-деп жазды депутат.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 3

2019 жылдын айтуулары: 3
   2019 жалган куран: 2
   2019 чын куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!