Исхак Масалиев: Убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек

 Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин отурумунда жаңы коалиция түзүү сунушун айтып чыкты.

Ал КСДП партиясынын айланасындагы маселеге токтолуп, партия бийликке ачык «оппозициямын» деп чыкса, ошол эле учурда ал партия аркылуу шайланып келгендер парламентте чоң фракция болуп, бийликте турарын белгиледи.

«КСДП жөнүндө айтып жатам, убакыт келди, төрдү бошотуш керек», — деди Масалиев.

Ошондой эле ал, министрлер курамын алар түзбөгөнүн, бирок алар үчүн парламент сын угуп келерин кошумчалады.

«Убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Ал коалицияга КСДПдан тышкары баардык фракциялар кошулушу зарыл. Жөнөкөй сөз менен айтканда, «жебеген тамакка акча төлөгөндөй» болбосун. Жооп берсек аткарган иш үчүн жооп берели», — деди ал.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 3

2019 жылдын айтуулары: 3
   2019 жалган куран: 2
   2019 чын куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!