Канат Исаев: «Ташкентте өтүүчү көк бөрү боюнча чемпионат тай казансыз өтөт, бул жерде баарыбыз күнөөлүүбүз»

Акыркы учурдагы окуялардан кийин Ташкентте өтүүчү Көк бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат тай-казансыз өтөт. Бул тууралуу бүгүн Федерациянын экс президенти менен парламенттин депутаты Канат Исаев билдирди.

Маалым болгондой 14-февраль күнү Астанада Дүйнөлүк көк-пар ассоциациясынын жыйыны болуп өткөн. Анда оюнга байланыштуу бир катар жаңы эрежелер кабыл алынган. Жыйынга кыргыз тараптан ошол учурдагы Федерациянын президенти Жыргалбек Саматов чакырылып ал барган эмес.

Жаңы эрежелерге кыргыз тарап нааразы болуп Жыргалбек Саматов кызматынан бошотулган. Канат Исаев бүгүнкү жыйында кыргыз тарап мурдагы эрежени, тай-казанды кайиара албагандыгы тууралуу билдирди.

Өз сөзүндө Исаев:

«Мен бул абалда Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов эле эмес баарыбыз күнөөлүүбүз дегим келет. Биз баарыбыз башка өлкөлөр менен иштешишибиз керек болчу», -деп белгиледи.

Анын айтымында эми жаңы эрежелерди өзгөртүүгө эч кандай негиз жок.

Канат Исаев мындай учурда маселе сүйлөшүүлөр менен чечилээрин, кок пар менен көк бөрү бир эле оюн экенин айтты.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 жалган куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!