Каныбек Иманалиев 8-марттагы жүрүш жөнүндө: Уяла турган окуя болду

13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев 8-мартта Бишкекте болгон жүрүш боюнча өз оюн билдирди.

“Мыйзам бузулган жок, бирок нарк бузулду. Эгер кичүү адам улуу аксакалдан төргө өтүп кетсе, ал мыйзам бузулган эмес, нарк бузулган деп эсептелет. Биз мыйзам менен жашаганыбызга 90 жыл болду. Бирок нарк менен жашаганыбызга 1000 жыл болду. Бизде аз улут үчүн нарк- бул мыйзамдан да күчтүү. Дүйнөдө эки жумада бирден улут жок болуп жатат. Улутту улут кыла турган тил гана эмес. Бул -салт, нарк, насил. Бул уяла турган окуя болду. Бирок, биз дайыма ушуга ызы-чуу болгондон кийин гана кайрылабыз да. 15-марта улуттук баалуулуктарды сактоо боюнча парламенттик угууну дайындадык эле. Бул маселе өтө актуалдуу боло баштаганына байланыштуу 29-мартка жылдырдык”,-деп айтты эл өкүлү.

“Биз мэрияга кайсылар улуттук баалуулуктар экенин аныктап берели. Материалдык жана материалдык эмеси кайсы деп аныктайлы. Улуттук баалуулукту ар ким өзүнчө түшүнөт. Мисалы үчүн, калпак жөнүндө мыйзам кабыл алып жатабыз. А эмне комуз, боз үй, элечек баалуулук эмеспи? Биз ошолорду ирээттеп, Өкмөттү милдеттендирип, мисалы, кайсыл орган ошолорду коргойт “Кыргыз тил комиссиясына” өткөрүп беришибиз керек. Мектептерде батыштын коом таануусун окуйбуз, ал эмне үчүн кыргыздын каада-салты окутулбайт? Экинчиден, ошолорду биз ЮНЕСКОнун тизмесине киргизишибиз керек. Кыргыздын улуттук календары дүйнөдөгү бешинчи календарь болуп эсептелет. Биз ал жөнүндө мыйзам жаза элекпиз. Үчүнчүдөн, биз Өкмөттөгү так органды аныкташыбыз керек”,-деп кошумчалады Иманалиев.

Эскерте кетсек, 8-мартта аялдардын укугун коргоо боюнча Бишкекте болгон жөө жүрүш жана ага катышкан ЛГТБ мүчөлөрү боюнча маселе бүгүн парламентте талкууланды.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 2

2019 жылдын айтуулары: 2
   2019 бирдин айы: 1
   2019 жалган куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!