Каныбек Иманалиев: «Кыргызстан башка өлкөлөргө террористтерге жасалма паспортторду жасаган фабрика болуп калды»

Кыргызстан Эл аралык коомчулуктун астында террористтерге жасалма паспортторду жасаган фабрика болуп калды. Мындай сөздү депутат Каныбек Иманалиев 26-февралда өткөн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтты.

«Жасалма паспортторду жасоо кыргыз өлкөсүнүн беделине шек келтирип жатат. Жасалма аттестат же жасалма окуу жайдын документтери берилсе  ошол окуу жайга сөз тиет. Ошол сыяктуу эле башка өлкөлөргө биздин мамлекет террористтерге жасалма паспортторду жасаган фабрикадай эле болуп калды. Өлкөбүздүн беделине шек келип жатат. Ушул жасалма документтерди жасагандарга кылмышты күчөтпөйлүбү»-деген сунушун киргизди.

«Интернеттеги көрсөтүлүп жаткан жасалма паспорттор мамлекеттик каттоо тарабынан жасалбаганы айтылды. Буга тиешелүү документтер берилип, органдар иликтеп жатат. 2006-жылдагы үлгүдөгү паспорттордо бир аз кемчиликтер болуп,элементтери аз болгону үчун көп жасалып кетти окшойт. Кийинки биометрикалык паспортторду эч ким жасай албайт»-деп жооп берди мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 2

2019 жылдын айтуулары: 2
   2019 бирдин айы: 1
   2019 жалган куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!