Сурабалдиева: Матраимовдордун маселесин бир да эркек депутаттын көтөрбөгөнүнө уялам

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев Матраимовдор боюнча журналисттик иликтөөнү бүгүн эртең менен көргөнүн айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Матраимовдордун тегерегинде жергиликтүү ЖМКларга чыккан маалыматтарды бүгүн парламенттен бир да эркек депутаттын көтөрбөгөнүн айтып, бул уят нерсе экенин белгиледи.

Парламент бүгүнкү жыйынында «Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун экинчи окууга киргизүүнү талкуулашты.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев Матраимовдор боюнча журналисттик иликтөөнү бүгүн эртең менен көргөнүн айтты.

«Финпол үч ай мурда тергөө иштерин баштаган. «Мыйзамсыз баюу» боюнча прокуратурага да бергенбиз, иш жүрүп жатат», — деди Жамгырчиев.

Ал депутат Сурабалдиеванын жаш курак боюнча суроосуна 37 жашта экенин айтып жооп берди.

«Сиз менден үч жаш кичүү экенсиз. Аксакалдарга келечек кереги жок болсо экөөбүзгө керек. Кыргызстандын бардыгы азыр бизди карап жатат. Сөздүн ачыгы ушундай, чоң скандалдуу видеотасмадан кийин иликтөө башталбаганына таң калып жатам. Кыргызстанда кыйын учурда Курманжан датка, Роза Отунбаевалар чыккан. Бүгүн саат мына төрт болду, ушуга чейин бир да эркек депутат ушул маселени көтөрүп чыкпаганына мен аябай уялып жатам. Намыс деген нерсе болуш керек», — деди депутат.

Эл өкүлү, андан сырткары, өнүккөн башка мамлекеттерде аткаминерлер жашап жаткан үйүн кайсы акчага алганын далилдеп бере албаса ал мамлекеттин карамагына алынарын айтып, Финпол дагы ушундай тажрыйбага өтүшү керектигин белгиледи.

Эске салсак, «Азаттык» радиосунун журналисти Али Токтакунов «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган бир тууган Матраимовдордун карааны көрүнгөн иликтөө жарыялаган. Анда бир туугандарга тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин миллиондоп которгон акчалары тууралуу баяндалат.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 бугу: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!