Таабылды Тиллаев: Тажик жарандары жерлерди массалык түрдө сатып алып жатат

Баткен областынын чек арага жакын жайгашкан аймактарында коңшулаш Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жерин массалык түрдө сатып алып жатат.Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде парламенттин жыйынында «Республика — Ата Журт» фракциясынан депутат Таабылды Тиллаев билдирди.

“Чек арага жакын жайгашкан аймактарда коңшу өлкөнүн жарандары үйлөр менен участокторду массалык түрдө сатып алып жатат. Жерлер акырындык менен тажик жарандарына өтүүдө. Бирок биздин өкмөт унчукпай отурат”,-деп нааразы болду депутат.

Анын айтымында, 2010-жылдан тартып Баткен областынын Таш-Тумшук айылында 43 үй жана 67 жер участогу сатылган. Көк-Таш айылында 28 үй жана 62 участок сатылган. Жеке-Өрүктү айылында коңшу өлкөнүн жарандары 37 турак үй, коомдук тамактануучу жай жана унаа жуучу жай куруп алышкан. Лейлек районунун Максат айылында Тажикстанга 31 гектар жер өтүп кетсе, Сады айлында 9 гектарга жакын жер, Кулунду айылында 28 гектар жер коңшуларга өткөн.

Депутат өкмөт жергиликтүү тургундардын маселелерине көңүл бурбай жатканын кошумчалады

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 чын куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!