Жогорку Кеңеш казинолорду мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кантип кабыл алды….

Жогорку Кеңештин депутаттары экинчи жана үчүнчү окууда Кыргызстандагы оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышты.

Мыйзам долбооруна добуш берүү төрт жолу өтпөй калган. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров, Айгүл Айдарова, Алишер Эрбаев, Эмил Токтошев жана Исхак Масалиев добуш берүүдөн баш тартып, мыйзам долбооруна бөгөт коюшту. Ал эми регламентке ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн жыйынга катталган бардык депутаттар добуш бериши керек.

Тыныгуу маалында фракция лидерлери менен кеңешүүдөн кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кайрадан добуш берүүнү жарыялады, бирок ал ушундай эле аяктады – беш депутат добуш берүүдөн баш тартты, документти кабыл алууга 59 депутат «макул», 9 депутат каршы добуш берди.

Андан соң вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев ЖК аппаратына добуш бербегендердин компьютерлерин өчүрүүнү тапшырды.

Баяндамачы документти кабыл алынганын жарыялап, муну Конституциянын талабы менен түшүндүрүп, анда мыйзам долбоорлору көпчүлүк добуш менен кабыл алынат деп түшүндүрдү.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!