Эмнеге тестти кыргыз тилинде тапшыргандар жакшы баа албай жатат? Депутат ЖРТда алтын сертификатты адилеттүү бөлүштүрөлү деди

Эмнеге тестти кыргыз тилинде тапшыргандар жакшы баа албай жатат? Депутат ЖРТда алтын сертификатты адилеттүү бөлүштүрөлү деди

Бүгүн парламенттин жалпы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров жалпы республикалык тестирлөөдө кыргыз мектебин аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жогору бал албай жатканынын себебин айтып берди.

“Былтыр Кыргызстанда элүү миң бала жалпы республикалык тестирлөөгө катышыптыр. Анын отуз миңи кыргыз тилдүүлөр, жыйырма миңи орус мектебин аяктагандар. Бирок алтын сертификатты алгандардын токсон пайызын орус тилдүүлөр түзгөн. Эмне себептен? Билимди баалоо жана окутуу усулдар борборунан текшерсек, кыргыз тилиндеги тесттер орусчага караганда узун келет экен. Мисалы, орус тилиндеги спит деген сөз кыргыз тилинде уктап жатат деп жазылат. 160 саптык орус тилиндеги тапшырма, кыргыз тилинде 190 сап болуп кетет экен.” – деди Элдар Абакиров.

Анын айтымында, кыргыз тилиндеги ушул өзгөчөлүктү эске алып, алтын сертификаттарды өз-өзүнчө тапшыруу керек. Кыргыз тилинде тесттен өткөндөрдү өзүнчө баалап, алтын сертификат пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлсө, адилеттүүлүк болмок дейт эл өкүлү.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!