Жогорку Кеңештин депутаты аймактарда бош турган имараттарды өзгөчө балдар үчүн борбор ачууга берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты аймактарда бош турган имараттарды өзгөчө балдар үчүн борбор ачууга берүүнү сунуштады

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты, “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев өлкөнүн аймактарында өзгөчө балдарга мамлекет тарабынан көңүл бурулбай жатканын айтты.

“Кыргызстанда аутизмге, шал илдетине чалдыккан, Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын саны көбөйүп жатканы өкүндүрөт. Тилекке каршы,  аларга өкмөт тарабынан тиешелүү деңгээлде көнүл бурулбай жатат. Өзгөчө балдардын апасы күнү-түнү жанында. Эч жакта иштей албайт, сыртка чыга албайт. Баласын карагандардын 98 пайызы апалар. Аталары алар менен алек болбойт, баласынын майып болуп калганын энесине шылтап, үй-бүлөсүн таштап кетип калган аталар бар экен”, — деди Жанар Акаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү өзгөчө балдарды караган ата-энеге мамлекет тарабынан ай сайын 6300 сом төлөнөт. Бул каражат  баланы реабилитациялык борборго, укалоо сыяктуу жайларга алып барганга жетпейт.

Ошондой эле, эл өкүлү аймактарда реабилитациялык борборлор жетишсиз экенине токтолуп, маселени чечүүнүн жолун сунуштады.

Жанар Акаевдин айтымында,  Ош шаарындагы калыбына келтирүүчү борборлорго алыскы Алайдан, Баткенден бери алып келишет.

“Министрлер Кабинети аймактарда бош турган имараттарды балдарга камкордук көрүүчү борборлор үчүн өткөрүп бериши керек. Мисалы, Ошто “Кыргызтелеком”, “Кыргызпочтасы” ишканаларынын пайдаланылбаган имараттары жөн эле турат. Аларды реабилитациялык мекемелерди ачууга берүү керек”, — деди Жанар Акаев.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!