Жогорку кеңеш ойгоно баштадыбы?

Жогорку кеңеш ойгоно баштадыбы?

Жогорку кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кечээ күнү журналисттер менен жолугуп, жаңы аяктаган сессиянын жыйынытыктары менен тааныштырды. Бардыгы болуп 102 мыйзам жана 539 токтом кабыл алынган экен, беш жүздөн ашык парламенттик же коомдук угуу, тегерек стол же конференция уюштурулуп, өкмөт менен башка мамлекеттик уюмдардын отчёттору, андан тышкары 20 миңден көп жарандын арыздары каралыптыр.

Эми бул – катардагы жумуш, сессиянын эң маанилүү иши болсо – депутаттар мурдагы президентти кол тийгистиктен ажыратты. Анын процедурасы – иштеп жаткан президентке импичмент жарыялоодон кем эмес татаал. Андай механизмди иштеп чыгарып жатканда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы – мындай нерсени эч ким ишке ашыра албайт деп ойлогон.

Былтыр октябрда Конституциялык палата ушундай механизм болсун деп чечкенде дагы, анын судьялары менен төрагасы – процедураны эң татаал кылдык деп жана аны менен – алардын баарын эч качан түшпөй турган кызматка алып келген Атамбаевге болгон бересебизден кутулдук деп ойлогон сыяктуу. Кыргызстандагы азыркы саясат ошондой аласа-береседен туруп калган.

Жогорку кеңеште отурган депутаттын дээрлик баары депутат болгону үчүн Атамбаевге карыз, анткени ал өзүнүн КСДП партиясынын тизмесин гана эмес, башка партиялардын шайлоо тизмелерин дагы бекиткен жана ал карызды депутаттар өзүнүн мурдагы президентке берилгендиги менен, анын саясатын колдогону менен же айрымдары накталай да төлөп келген деп божомолдосо болот.

Ошондой эле, Атамбаев качан кааласа, тиги же бул депутатты гана депутаттыктан кетирип эмес, эң жогорку бийликти дагы качан кааласа алып түшөөрүнө бөркүндөй ишенген. Башка саясатчылар дагы ошентип ойлогон, ошондуктан акыркы күндөргө чейин ага көп тийишпей, ачуусун келтирбөөгө аракеттенген. Төрага Дастан Жумабеков ал тууралуу 12-июндагы сессияда айтты:

«2018-жылы март айында, ушул саясий оюндар башталганда, мен Алмазбек Шаршеновичке жолуктум. Жолуктум. Барып, сүйлөшүп, оюмду билгиздим… Алмазбек Шаршенович Атамбаев айтты – мен кааласам дейт, 10 миң кишини чогултуп, Ак үйдөн баарыңарды кууп чыкканга күчүм жетет дейт. Күчүм жетет дейт. Мен жакамды кармадым».

Атамбаевдин мындай ишеними кечээ күнкү митингден кийин тарагандай болду, бирок жаз айларынан бери ал бир нече митинг уюштуруп, элди козуткан сөздөрдү сүйлөгөндө – ошол митингдер Ак үйдү көздөй жүрүш менен аяктайт деп үмүттөнгөндөй, бирок өзү ага ачык чакырык жасаган эмес. Чындап эле ар бир андай митинг чатак менен аякташы мүмкүн болчу жана ага бардык даярдыктар көрүлгөн.

«Форумдун» алдындагы кечээки митинг дагы «чоң казат» менен аякташы толук мүмкүн болчу, бирок чогулгандардын саны бир-бир жарым миңден ашпаганын жана алардын маанайын көрүп, аны уюштургандар планын өзгөрткөндөй. Мурда даярдалган резолюцияда президент дагы кызматынан кетсин деген талап жазылган, бирок сөз сүйлөгөндө, Атамбаев аны айта алган жок.

Кечээки митинг ойдогудай аяктабагынан анын айрым катышуучулары ыйлап да жиберди жана атамбаевчилердин эсине келе баштаганына Жогорку кеңештин акыркы аракеттери дагы салым кошту. Биз бул парламентти канча сындасак дагы, анын депутаттары ойгоно баштады десе болот, бирок эң негизги ишти Атамбаев өзү жасады – өз жүрүм-туруму менен ал көптөгөн депутатты өзүнөн алыстатты.

Мындан ары да Жогорку кеңеш принципиалдуу болот деп айтуу кыйын, бирок алар жок дегенде бир вазийпасын аткарды. Мурда да андай аракеттер болгон, мисалга, Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин, же мурдагы чакырлышта Текебаевдин камалышы менен байланыштуу, Белизгейт талкууланганда же Батукаев бошотулганда.

Бирок Ак үйдөн катуу сөз айтылганда, депутаттар тынчып калчу, азыр болсо алар – эркиндик берилсе, милдетин аткарууга жарай турганын көрсөтө баштады. Маселе – анын себеби эркиндиктеби же баягы эле өйдө жактан келген буйруктабы дегенде. Кеп ошондо.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!