1974-жылдын 16-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Сеӊир айылында туулган;
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун «Дене тарбия мугалими» адистиги боюча, 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн;
Эмгек жолун 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тартбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими болуп иштөө менен баштаган;
2000-2007-жылдары жеке ишкер;
2007-2010-жылдары «Элдик чындык» коомдук фондунун төрагасы;
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр-жай палатасынын Кытай Элдик Республикасындагы өкүлү;
2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын Башкы директорунун кеӊешчиси;
2015-2021-жылдары «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты;
2021-жылдын ноябрында № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп шайланган;
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.