Икрамов Тазабек Икрамович

1974-жылдын 16-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Сеӊир айылында туулган;

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун «Дене тарбия  мугалими» адистиги боюча, 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолун 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тартбия  жана спорт институтунун  Жалал-Абад облусундагы  филиалында дене тарбия мугалими болуп иштөө менен баштаган;

2000-2007-жылдары жеке ишкер;

2007-2010-жылдары «Элдик чындык» коомдук фондунун төрагасы;

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр-жай палатасынын Кытай Элдик Республикасындагы өкүлү;

2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын Башкы директорунун кеӊешчиси;

2015-2021-жылдары «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты;

2021-жылдын ноябрында № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

 

Икрамов Тазабек Икрамович
Икрамов Тазабек Икрамович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 1

2022 жылдын айтуулары: 1
   2022 кулжа: 1