Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

1965-жылдын 9-мартында Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында төрөлгөн.
1982-ж. – Куршаб айылындагы орто мектепти бүтүргөн.
1983-1985-ж.ж. – Советтик Армиянын катарында Германияда кызмат кылган.
1985-1987-ж.ж. – Ош областынын Өзгөн районунун «Кайнар» совхозунда «Шумкар» комсомолдук курулуш бригадасын жетектеген.
1987-1992-ж.ж. – Тверь шаарындагы Тверь Мамлекеттик университетинин студенти. Адистиги – тарыхчы, тарых жана коом таануу окутуучусу.
1999-ж. – Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
1992-ж. – Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын «Түрк ааламы» гезитинин башкы редактору.
1992-1995-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик телерадио агенттигинин башкы редакторунун орун басары, андан кийин башкы редактору болуп эмгектенген.
1995-2000-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу палатасынын I чакырылыштагы депутаты. Социалдык саясат, элди иш менен камсыз кылуу жана массалык маалымат каражаттары комитетинин төрагасы.
2000-2005-ж.ж. –Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын II  чакырылыштагы депутаты. Эмгек, социалдык саясат жана ардагерлер комитетинин төрагасы.
2005-2006-ж.ж. – Жогорку Кеңештин III чакырылыштагы депутаты.
2006-ж. – Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри.
2006-ж. – «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.
2006-2007-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы.
2007-2008-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин IV чакырылыштагы депутаты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.
2008-2009-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы.
2013-2015-ж.ж. – Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык  кенешинин Башкы катчысынын орун басары.
2021-жылдын ноябрь айынан бери — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик  фракциясынын лидери.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 1

2022 жылдын айтуулары: 1
   2022 кулжа: 1