Адахан Мадумаров спикер Талант Мамытов фракция лидерлерин эки-үч жолу кабинетине чакырып, жыйын өткөргөнүн айтты.

“Эмне үчүн “Ыйман Нуру”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын өкүлдөрү жок деп сурашты, бизди баары бир колдошпойт деп жооп берген экенсиз, колдойбузбу, колдобойбузбу – бул биздин иш.
Бирок фракцияларды бөлүп-жаруу туура эмес, алар баарына бирдей мамиле жасайбыз деп убада беригенсиңер. Маселелерди чечүү үчүн жабык эшик артында чогулуштун кереги жок. Бул жакшы эмес. Сиз баарына бирдей мамиле кылышыңыз керек, бардык лидерлерди чакыруу сиздин милдетиңиз. Мен бул жерде отурам, фракция лидерлери биринин артынан бири кетип жатышат. Мен эмне экенин сурадым. Алар казино жөнүндө мыйзам долбоорун колдоону суранып, спикер тарабынан чакырылганын айтышты.
Уят! Бул адилетсиздик. Биз кандай болсок да, адамдык сапат баарынан жогору болушу керек. Ал эми «Бүтүн Кыргызстанды» мындай жолугушууларга дайыма чакырбай коесуңар», — деди Мадумаров Мамытовго.
Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2022 жылдын айтуулары: 1
   2022 кулжа: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!