Ормонов Улугбек Зулпукарович

1963-жылдын 3-декабрында Ош облусунун Өзгөн районундагы Баштөбө айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1986-жылы Воронеж политехникалык институтунун физико-техникалык факультетин, 1992-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетини экономикалык факультетин бүтүргөн;

2008-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын “Юриспруденция” кесибин артыкчылык менен бүтүргөн;

Эмгек жолун 1980-жылы Өзгөн районунун “Өзгөн” совхозунда жумушчу болуп баштаган;

1981-1986-жылдары Воронеж политехникалык институтунунстуденти;

1986-1988-жылдары – “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, мастер;

1988-1991-жылдары – “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, өндүрүш цехини башчысынын орун басары;

1991-1992-жылдары – “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, цехтин башчысы;

1992-1993-жылдары – “Приборостроительный завод им. 50-летия Киргизской ССР”, экономикалык суроолор боюнча директордун орун басары;

1993-1997-жылдары – АК “ТНК “Дастан” ишканасы, экономика боюнча вице-президенти;

1997-2004-жылдары – АК “ТНК “Дастан” ишканасы, Генералдык директордун экономика боюнча орун басары;

2004-2005-жылдары – АК “ТНК “Дастан” ишканасы, коммерция боюнча директору;

2005-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинине №38 бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган;

2006-жылы Эмгек жана миграция саясаты боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген;

2007-жылдын ноябрынан декабрга чейин – АК “ТНК “Дастан” ишканасы, башкарманын төрагасы;

2007-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини депутаты болуп шайланган;

2007-жылдан баштап Жогорку Кеңештин Өндүрүш, соода, туризм, ийри жана кичи бизнес, транспорт, байланыш, курулуш жана архитектура боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген;

2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин “Ак-Жол” фракциясынын лидери;

2014-жылдан баштап АЧК “ФККС”, директорлор кеңешинин мүчөсү;

2016-жылдын майында «Бир Бол» саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

2021-жылдын ноябрында «Ишеним» саясый партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер.Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык кызматынын отличниги;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 70-жыл”, Орус суу алдындагы флотунун 100-жылдыга арналган, КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттери аралык Ассамблеясынын 15-жылдыгына арналганмедалдары менен жана Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгына, достугуна чоң жеке салым кошкондугу үчүн Улуу Петр II даражадагы Ордени менен сыйланган;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Ормонов Улугбек Зулпукарович
Ормонов Улугбек Зулпукарович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0