Сулайманов Эльдар Нурланович

1985-жылдын 3-июлунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында туулган.

Жогорку билимдүү:

2002-жылы Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Турк лицейин аяктаган. 2007-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык экономика бөлүмүндө жогорку билим алган;

2011-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясында «Юриспруденция» багыты боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

2007-2008-жылдары ОАО “Электр станцияларында” тышкы байланыштар бөлүмүндө  экономист болуп эмгек жолун баштаган;

2008-2010-жылдары Мамлекеттик Финансалык Полиция кызматында ыкчам кызматкери болуп конкурстук негизде дайындалган;

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасынын кеңешчиси;

2011-2012 жылдары МККнын Калкты катоо департаментинин директорунун орун басары кызматын ээлеген;

2016-2021 жылдары ЖчК «Кыргыз-Чех суу компаниясын” негиздеп,  башкарып келген;

2021-жылдын июнь айында Ош шаардык Кенешке “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен эл өкүлү болуп шайланган;

2021-жылы «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы.

Сулайманов Эльдар Нурланович
Сулайманов Эльдар Нурланович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 1

2022 жылдын айтуулары: 1
   2022 кулжа: 1