Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович

1973-жылдын 15-августунда Фрунзе шаарында туулган.

1990-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында орто мектепти аяктаган.

1990-1995-жылдары — Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин экономика факультетинин “экономист” адистигине ээ болгон.

2011-2014-жылдары — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин “юрист” адистиги боюнча аяктаган.

1995-2002-жылдары — жеке ишкер болуп эмгектенген.

2002-жылдын август айынан тартып 2006-жылдын декабрь айына чейин — “Асейин” өндүрүштүк-коммерциялык фирма ЖЧКнун коммерциялык маселелер боюнча директорунун орун басары кызматын аркалаган.

2007-жылдын апрель айынан тартып 2007-жылдын октябрь айына чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын жардамчысы болуп эмгектенген.

2008-жылдын февраль айынан тартып 2010-жылдын апрель айына чейин — “Спорт биримдиги” спортту өнүктүрүү коомдук фондунун директору.

2010-жылдын апрель айынан тартып 2010-жылдын сентябрь айына чейин — “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык маселелер боюнча директорунун орун басары.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин                             V-чакырылышынын депутаттыгына «Ата Мекен» социалисттик партиясынан талапкер катары шайлоого катышкан.

2011-жылдын май айынан тартып 2012-жылдын июнь айына чейин — “Чакан ГЭС” ААКнун башкы директорунун орун басары.

2012-жылдын июль айынан тартып 2015-жылдын июль айына чейин — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары (Түштүк аймагын жетектеген).

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VI-чакырылышынын депутаттыгына «Ата Мекен» социалисттик партиясынан талапкер катары шайлоого катышкан.

2015-жылдын декабрь айынан тартып 2016-жылдын октябрь айына чейин — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары (аскер блогун жетектеген).

2016-2017 жылдары — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында болгон.

2017-жылдын октябрь айынан тартып 2018-жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидеринин кеӊешчиси кызматын ээлеген.

2018-жылдын март айынан тартып 2019-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын катчылыгынын башчысы болуп эмгектенген.

2020-жылдын январь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү.

2020-жылдын 18-июнунан тартып 2021-жылдын 27-январына чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.

2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII-чакырылышынын депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү.

2021-жылдын декабрь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп эмгектенет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы (КРӨ 2014-ж. 17-сентябрындагы №397-р тескемеси).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы (2020-ж. 29-июнундагы №49-ОД/ПГ тескемеси).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин энчилүү сааты менен (2021-ж. 12-августундагы №122-ОД тескемеси).

Кыргыз Республикасынын Куралдуу кучторүнүн Башкы штабы, “Аскердик кызматы үчүн” медалы.

КР ИИМинин “Өз ара аракеттенүү жана кызматташуу ШЕРИКТЕШ” медалы.

КР ӨКМинин “Каарман”, “Эмгек сиңирген” медалы.

Нарын шаардык Кеңешинин токтому №6/5 “Ардактуу атуул” наамы.

Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги.

Аскердик наамы запастагы “подполковник”.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович
Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 1

2022 жылдын айтуулары: 1
   2022 кулжа: 1