Кылмыш-жаза кодексине “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү КРнын Профилдик комитети жактырды.

Кылмыш-жаза кодексине “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү КРнын Профилдик комитети жактырды.

Бүгүн, 28-июнда КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КРнын Кылмыш-жаза кодексине) КРнын мыйзамын, “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы “)” долбоорун карап, үчүнчү окууда  жактырды.

Демилгечилер — Жогорку Кеңештин депутаттары — Маматалиев М.А., Талиева К.А., Нарматова Н.А., Мажитова Ш., Ашимова Д.А., Лурова Л.Х., Темирбаева М.О., Исатбек К.А., Бекешев А.Д., Осмонов А.З.

Мыйзам долбоору сексуалдык кол тийбестик укугун, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыздоо максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунда 16 жашка чыга элек балага сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди көрсөткөндүгү үчүн доонун эскирүү мөөнөтү колдонулбайт; 18 жашка чыга элек балага каршы жасалган кылмыштар үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтүн көбөйтүү;  Ошондой эле балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий-адеп-ахлактык ден соолугуна каршы кылмыш жасаган адамды кылмыш жоопкерчилигинен, анын ичинде мунапыс актысы боюнча бошотпоо сунушталууда.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!