Акыркы эки жылда Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25%дан 38%га өстү. Байсалов буга макул эмес

Акыркы эки жылда Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25%дан 38%га өстү. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай маалыматтар БУУнун баяндамасында камтылган.

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов БУУнун маалыматында алдыда мүмкүн болуучу коркунуч тууралуу айтылат деп эсептейт.

«Эки жылдын ичинде жакырлардын саны 13 пайызга өстү. Бул БУУнун отчету. Биз фактыларды гана айтабыз. Туура эмес маалымат берип жатасыздар”,- деп жооп кайтарды Айбек Осмонов.

«Алар жакырчылыктын деңгээлинин өсүү коркунучу жөнүндө сүйлөшүштү. Биздин расмий маалыматка ишенели. Сыягы, басма сөз маалыматтарды туура эмес берген окшойт. ЖК комитетинин трибунасынан алдамчылык кылуу бул кылмыш. Ачуу болсок да, чындыкты айтабыз, — деп ачууланды Эдил Байсалов

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!