Жанар Акаев: түрмөнү криминал башкарып калды, акчасы жоктор кыйноого кабылууда

Түрмөлөр өзүнчө өлкө болуп калды, аларды криминал башкарып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Ал Кыргызстанда күн сайын миңдеген адамдар кыйноого кабыларын айтып, түрмөлөрдү радикалдуу түрдө реформалоо керектигин белгиледи.
«Смотрящий», «положенец» дегендер түрмөдөгүлөр үчүн президент. Ошолордун уруксаты менен гана ысык сууга жуунат, ата-энеси жиберген тамакты жейт. Ким телефон колдонуш керек, ким менен жатыш керек, бүт ошолор чечет. Ондогон адамдар муну тыюуну сурап кайрылууда. Жуунганга ысык суу бербей 50-100 сомдон алып жатышыптыр. Ушуну кантип көрбөйсүңөр? Ал жерде бүт криминал жана акча», — деди депутат.
Аны менен катар Акаев абакты башкарып алган криминалды ордуна коюп, баарына тегиз мамиле кылууга чакырды.
«Түрмөлөр өзүнчө өлкө болуп калды. Кедей-кембагалдын балдары гана кыйноого кабылат. Дарыгерлердин орой мамилеси да бар, акчаң болсо адамсың, болбосо малдай мамиле кылат. Алар дагы кылмыш кылганы менен биздин жарандар да. Ушунчалык кордоп жатпайбызбы», — деди Акаев.
Депутат буга байланыштуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун статусун көтөрүп, акча каражатын аябай берүү керектигин белгиледи. Ошону менен бирге Башкы прокуратурада кыйноолорду алдын алуу боюнча өзүнчө бөлүм ачууну сунуштады

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!