Жогорку Кеңешинин иши жөнүндө отчет берди

Жогорку Кеңешинин иши жөнүндө отчет берди

Отчетто Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2021-жылдын декабры – 2022-жылдын июну) ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берилген.

Атап айтканда, документте парламенттин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, ошондой эле убактылуу депутаттык комиссиялардын иши, мыйзам долбоорлорунун кыймылы жөнүндө, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк жана контролдоо функцияларын аткаруу боюнча жана башка тиешелүү маалыматтар камтылган.

Жалпысынан сессиялык мезгилдин ичинде Жогорку Кеңеш 33 пленардык жыйын өткөрдү, 41 мыйзам жана 276 токтом кабыл алды. Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчетторун, Акыйкатчынын жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук Борбордун Директорунун баяндамаларын укту. Жарандардын 7628 кайрылууларын карады, шайлоочулар менен 6000ден ашуун жолугушуу, 10 парламенттик угуу, конференцияларды, тегерек үстөлдөрдү жана парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында 33 жолугушуу өткөрдү.

Отчетту көрүү үчүн шилтемени басыңыз.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!