Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу турак жайлардан тышкары, бардык имараттарда тамеки чегүүгө толугу менен тыюу салууну сунуш кылышты

Өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоо эмгекке жарамдуу улуу курактагы адамдардын 85%ы коомдук жерлерде тамеки чегүүгө толук тыюу салууну колдой тургандыгын көрсөттү  деп негиздеме-маалымкатта айтылат.

“КР жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолунун) таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2019-жылдын 22-январында парламенттин кароосуна келип түштү. Аны депутаттар   Алмаз Токторов, Айнуру Алтыбаева, Асылбек Жээнбеков, Нурбек Алимбеков, Таабалды Тиллаев, Жыргалбек Турускулов, Дуйшон Торокулов, Канатбек Керезбеков, Аида Исмаилова, Карамат Орозова, Айнура Осмонова жана Махабат Мавлянова демилгелеген.

Документ тамеки түтүнүсүз 100% зонаны түзүүнү, т.а. турак жайлардан тышкары бардык имараттардын ичинде (Кыргыз Республикасынын бардык коомдук жана жумушчу орундарында, анын ичинде коомдук транспортто жана коомдук тамактануу жерлерде) толук тыюу салууну  карайт.

Демилгечилердин сөзү боюнча колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2006-жылы кабыл алынган. Аны колдонуунун 10 жылдан ашык тажрыйбасы көп эмес оң өзгөрүүлөрдү көрсөттү.  Бирок эл шайлагандардын пикири боюнча ал өзүнүн максатына толук көлөмдө жеткен жок.

Долбоор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча Алкактык конвенциясына ылайык иштелип чыккан жана жарандардын тамеки буюмдарынын бөлүп чыгарган заттарынан эркин абага укугун бекемдейт.

Шилтеме: http://kenesh.kg/ru/draftlaw/499525/show

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!