Өмүрбаяны
1958-жылдын 28-февралында Ош шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык факультетин аяктаган.
1979-1997-жылдары Ош облустук аткаруу комитетинде ар кандай кызматтарда иштеген.
1997-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын бөлүмдөрүндө иштеген.
2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси, Социалдык фондунун Свердлов районунун башчысынын орунбасары;
2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультант;
2010-жылы «Аялдар кенеши» коомдук бирикмесинин жана «Биримдик» демократиялык партиясынын төрайымы;
2010-жылдын октябрь айында «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй бүлөлүү, эки балалуу.
Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги;
Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык иштеринин отличниги;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, КМШ ПААнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
«КР мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген ишмери»
«Акыйкат», «Мээримдүүлүк», «Датка айым» медалдарынын ээси.