1979-жылы 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Учар айылында туулган.
Билими: жогорку. 1996-2001-жылдары Ош технологиялык университетинин «Юриспруденция» факультетинде окуган.
2014-2017-жылдары Ош мамлекеттик университетинин «Финансы жана кредит» факультетинде билим алган.
Иш тажрыйбасы:
2007-жылы Спорт комитетине караштуу Ош шаарындагы №2 балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;
2010-жылы Бокс жана оор атлетика боюнча мектебинин директору;
2011-жылы Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары дирекциясынын директору;
2012-жылы Ош шаарынын мэриясына караштуу «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы;
2013-2014-жылдары Жүргүнчү транспорту агенттигинин директору;
2010-2012-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты;
2012-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты;
2018-жылдан бери Бишкек шаарынын «EREM» спорт клубунун башкы машыктыруучусу.
Спорттогу жетишкендиктери:
2010, 2016, 2019-жылдары КР «Жылдын мыкты машыктыруучусу»;
2015-жылы «Дүйнөлүк кубоктун» күмүш медалынын ээси, WAKO РФ, Анапа шаары;
2008-жылы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги;
2006-жылы Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (WFK);
2005-жылы Ош облусунун «Жылдын мыкты спортчусу»;
2004-жылы “Азия чемпионатынын” күмүш медалынын ээси (WAKO);
2003-жылы Бокс боюнча КР Спартакиадасынын чемпиону;
2003-2008-жылдары «КРнын кикбоксинг боюнча VI жолку чемпиону»;
2000-2010-жылдары «Эл аралык турнирлердин чемпиону (Украина, Марокко, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Корея);
2005-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын көптөгөн эл аралык класс спорт чеберлерин тарбиялайт (бокс жана кикбоксинг боюнча).
Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары:
2004-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы (С. Чырмашев);
2005-жылы Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (А. Артыков);
2006-жылы Кара-Суу районунун «Жылдын адамы» (М. Жумабеков);
2006-2008-жылдары Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (Ж.Исаков);
2008-жылы Ош шаардык билим берүү жана илим башкармалыгынын Ардак грамотасы (А.Балтабаев);
2008-жылы КРП алдындагы FCiSport агенттигинин Ардак грамотасы (Б. Асанов);
2008-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбиясынын отличниги (No 321 буйрук);
2009-жылы КРП Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (№ 85 буйрук) (А. Воинов);
2009-жылы Жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (буйрук № 609) (М.Бакиров);
2010-жылы КРП алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (No212-0 буйрук) (А. Касенов);
2011-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Ардак грамотасы (Азирети Муфтий Чубак ажы Жалилов);
2012-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы № 304 буйругу (М. Мырзакматов);
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (К. Садыков);
2014-жылы Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы, №103 буйрук (У. Примов).
Үй-бүлөлүү.