Бекешев Дастан Далабайевич

1983-жылы 22-ноябрь айында Бишкек (Фрунзе) шаарында төрөлгөн. 6 жашында көрүүдөн ажыраган. Азиздер жана көзү начар көргөн балдар үчүн атайын мектеп-интернатында билим алган. Дастан Бекешевдин үч бир тууганы бар. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

“Юрист” кесипчилиги боюнча Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетин аяктаган соң, Дастан Бекешев эмгек ишмердүүлүгүн 2006-жылы Бишкек шаарынын  Биринчи май райондук салык башкармалыгында баштаган. 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Экономика министирлигинде кызмат өтөгөн.

2010-жылы “Ар-Намыс” саясий партиясынын мүчөлүгүнө кирип, тизме боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2014-жылы идеологиялык көз караштардан улам, “Ар-Намыс” партиясынын мүчөлүгүнөн чыгып, өзүнүн командасы менен “Ак-Ниет” партиясын негиздеген. 2015-жылы “Ак-Ниет” партиясынын лидерлигинен баш тартып, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке шайланган.

Дастан Бекешев – көптөгөн мыйзам доолборлордун демилгечиси, анын ичинде укук коргоо органдарынын, ошондой эле  күрөөканалар менен букмекерлик конторалардын ишмердүүлүгүнө катуу талаптарды коюу боюнча, тамеки продукцияларына болгон салык салуу, жол-кыймыл эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жарандардын электрондук кайрылууларын кароо, шаар жана айылдардын башкы пландарын ачыкка чыгаруу, административдик укук бузуулар үчүн коомдук иштерди киргизүү тууралуу мыйзамдардын автору.

Бекешевдин ишмердүүлүгүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоого өзгөчө көңүл бурулат. Майыптыгы бар адамдардын укугун таасирдүү түрдө коргоого багытталган бир катар мыйзам долбоорлор демилгеленип, алардын ичинен бир катары кабыл алынган. 2011-жылы Бекешевдин демилгеси менен парламент тарабынан “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр кабыл алынган, ага ылайык мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын телевизиондук жаңылык көрсөтүүлөрү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш.

Жогорку Кеңештин башка депутаттар менен биргеликте Бекешев “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына киргизилген түзөөтүүлөрдүн негизинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттерге ЖОЖдорго тапшыруу үчүн квоталар каралган. Дастан Бекешевдин сунушу менен Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга милдеттүү түрдө ар бир партиянын талапкерлер тизмесинде экиден кем эмес ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын талапкерлиги болушу керек жана анын бирөөсү сөзсүз түрдө биринчи элүү талапкердин тизмесинде болушу керек. Ошондой эле добуш берүү жайлары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болушу абзел.Бекешевдин демилгеси менен “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзам тутумунун ченемдерин аткаруу тууралуу”  2011-жылы парламенттик токтом кабыл алынган. Тилекке каршы, майыптар үчүн иш ордуларын түзүү боюнча  атайын фонд уюштурууга багытталган мыйзам долбоору парламент тарабынан колдоого алынган эмес.

Дастан Бекешевдин демилгеси менен майып адамдарды колдоо боюнча бир катар социалдык долбоор ишке ашырылууда:

  • Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун аймактык бөлүмдөрүн компьютер менен жабдуу;
  • Добуш менен коштолгон сфетофорлорду Бишкектин жол кесилиштерине орнотуу;
  • “Равные возможности” социалдык борборунун түзүлүшү, мында майып адамдарды компьютердик билимдүүлүккө, GPS-навигация  жана таяк менен жүрүүгө, жумушка орношууга  жардам көрсөтүлөт;
  • Көзү боюнча жана угуусу боюнча майыптар үчүн көт квартиралуу үй курууга көмөктөшүү.

Дастан Бекешев мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө тартип, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принциптери аныкталышы керек деп эсептейт. Бул максатта депутат мамлекеттик органдардын ишинде ачыктыкты камсыз кылуу үчүн  бир катар демилгелерди көтөргөн. Алсак, бул демилге аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын интернет түйүнүндө видеокөрсөтүүлөрү жайгаштырылган. Ошону менен бирге Бекешев, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун чечимдеринин бирдиктүү базасын түзүү жөнүндө сунуш киргизген.

Дастан Бекешев маал-мал менен YouTube интернет-сервисиндеги өздүк каналында парламенттин отурумдарынын видеолорун жана өзүнүн отчетторун жайгаштырып турат. Ошондой эле, Бекешев 2012-жылдан баштап Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында окуучулар жана студенттер үчүн атайын экскурсия уюштурулуп келүүдө.

Бекешев Дастан Далабайевич
Бекешев Дастан Далабайевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0