Балбак Түлөбаев президенттин өкүлүнө таарынып залдан чыгып кетти

Балбак Түлөбаев президенттин өкүлүнө таарынып залдан чыгып кетти
Бүгүн жыйын башталары менен 22-июнда каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Анда жарандар чогулткан байлыгын ачык көрсөтсө кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тууралуу долбоор дагы бар эле. Буга каршы болгон «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев добуш бербей койду. Мындан улам Абытов аталган мыйзам долбоорун добушка койбой алып салууну сунуштады. Төрага да ага макул болуп жаткан.
Бирок Түлөбаев отурган жеринен кыйкырып, президенттин өкүлүнө нааразы болду.
«Эмне «Бүтүн Кыргызстандын» эки депутаты киши, калганыбыз киши эмеспизби. Уят болот мындай. Баарыбызды сындырасыз. Мындан ары мыйзам долбоорлорун алып келбегиле анда», — деп ордунан туруп, ноутбугун жаап чыгып кетип калды.
Натыйжада талашка түшкөн мыйзам долбооруна добуш берүү маселесин аягында чече турган болушту.
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!