Алтынбеков Айбек Алтынбекович

1978-жылдын 12-январында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Көктонду айылында туулган;

Жогорку билимдүү. 2000-жылы «юрист» адистиги боюнча Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн;

2000-жылы Ош техникалык университетине караштуу аскердик кафедрасын аяктап, запастагы кичи лейтенант;

2001-жылы Ош облусундагы «Жаркынай» жоопкерчилиги чектелген коомунда юрист-консультант;

2010-2011-жылдары «Жылдызбек» күзөт агенттигинин жетекчиси;

2011-2015-жылдары «Золотой орех» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси;

2012-2015-жылдары Могол айыл округунун айылдык кеңешинин депутаты;

2015-2021-жылдары «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;

2021-жылдын ноябрында № 15 Базар-Коргон бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы;

Грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери;

2014-жылы Базар-Коргон районунун «Ардактуу атуулу».

Алтынбеков Айбек Алтынбекович
Алтынбеков Айбек Алтынбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0