Примов Улан Бердибаевич

1978-жылдын 7-декабрында Ош шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ош технологиялык университетиндеги каржы жана экономика факультетин бүтүргөн;

2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолун 1998-жылы тамеки-ферментациялык заводдо кызматкер болуп иштөөдөн баштаган;

Жогорку окуу жайды бүткөн соң Ош облусунун Алай районунун каржы башкармалыгында жетектөөчү адис, башкы бухгалтер, экономика бөлүмүнүн башчысы кызматтарында иштеген;

2004-жылы “Пэрити-Коал” ЖЧКсын негиздеп, 2014-жылга чейин директор болуп иштеген;

2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, Бюджет, экономика жана каржы боюнча туруктуу депутаттык комиссияны жетектеген;

2012-жылы III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, 2014-жылдын январь айында Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон;

2015-жылынын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

2021-жылдын 29-декабрында № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

2022-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайланган;

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

Алай районунун мамлекеттик администрациясынын, Ош облустук финансы башкармалыгынын, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги;

Экономика илимдеринин кандидаты;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Примов Улан Бердибаевич
Примов Улан Бердибаевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0