Мамытов Талант Турдумаматович

1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган.

1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5 орто мектепти аяктаган.

Жогорку билимдүү.

1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» бөлүмүнө тапшырган.

Эмгек жолу:

2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган;

2001-2002-жылдары Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө прокурор;

2002-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү;

2004-2005-жылдары Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы;

2005-2006-жылдары Кыргызстандын башкы прокуратурасынын Уюштурууну камсыз кылуу жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын бөлүмүнүн прокурору;

2006-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары;

2006-2007-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары;

2007-2009-жылдары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору;

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.

2011-2013 жылдары «Ата-Журт» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын кызматын аркалаган;

2015-жылы «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;

2020-жылдын 4-ноябрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган;

2021-жылы «Ынтымак» партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;

2021-жылдын 29-декабрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган;

Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Мамытов Талант Турдумаматович
Мамытов Талант Турдумаматович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0